Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Йеменде козголоңчулар Аден аэропортун басып алышты


Cогушкерлер Аден шаарынын аэропортун басып алып жаткан учур.
Cогушкерлер Аден шаарынын аэропортун басып алып жаткан учур.

Йеменде шиит козголоңчулары – хуситтерге шериктеш согушкерлер Аден шаарынын аэропортун басып алышты.

Мунун алдында өлкө президенти Абд Раббо Мансур Хади Адендеги сарайын таштап, белгисиз тарапка качып кеткени кабарланган.

Хади Йемендин баш кааласы - Сананы өткөн айда козголоңчулар ээлеп алган соң, өлкөнүн түштүгүндөгү порттук шаар -Аденди убактылуу борбор деп жарыялап, ушул жакта баш калкалап келген эле.

25 -мартта хуситтер алар тарапка өтүп кеткен өкмөттүк күчтөр менен биргеликте Аденден 60 чакырым алыстыктагы авиабазаны да басып алышкан.

Ал арада козголоңчулардын карамагындагы мамлекеттик телеканал президент Хадини кармагандарга 100 миң доллар сыйлык жарыялады.

Козголоңчулардын ырастоосунда, алар Йемендин коргоо министрин өлкөнүн түштүгүнөн колго түшүрүштү.

24-мартта президент Хади БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылып, Йеменди "коргоо үчүн" буга ниети бар өлкөлөрдүн "аскерий кийлигишүүсүнө" уруксат берүүнү суранган. (EZK/UE)

XS
SM
MD
LG