Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

АКШ Тикриттеги согушкерлерге абадан сокку урат


Тикритке жакын жердеги чабуулга даярдык
Тикритке жакын жердеги чабуулга даярдык

АКШ Ирак күчтөрүн колдоо үчүн Тикриттеги согушкерлерге абадан сокку урат. Тикритти ИМ тобунан кайтарып алуу үчүн америкалык учактар шаардагы согушкерлер турган жерлерди бомбалай башташты. АКШнын коргоо министрлигинин өкүлү “операция уланып жатканын” билдирди. Анын айтуусунда, бул Ирак өкмөтүнүн өтүнүчү менен болууда.

25-мартта Ирактын президенти Фуад Масум АКШ баштаган коалиция согушкерлерге абадан сокку уруу менен Ирактын куралдуу күчтөрүн колдойт деп айткан.

Согушкерлер сегиз айдан ашуун убакыттан бери ээлеп турган Тикритти бошотуу боюнча операция ай башынан бери уланууда.

XS
SM
MD
LG