Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Талиптер: АКШ аскерлеринин Ооганстанда кармалышы согушту узартат


Талиптердин талабы боюнча аялдар жүзүн, дене боюн толук жаап жүрүүгө тийиш

Талиптердин талабы боюнча аялдар жүзүн, дене боюн толук жаап жүрүүгө тийиш

Талиптер АКШ аскерлеринин Ооганстанда калышы тынчтык мүмкүнчүлүктөрүн бузат деп эскертүүдө. Талибандын өкүлү Забихалла Можахед 25-мартта “Американын чечими Ооганстанда согуш дагы уланарын көрсөттү жана тынчтык орнотуу боюнча бардык мүмкүнчүлүктөргө зыянын тийгизет” деп айтты.

Ооган президенти Ашраф Ганинин АКШга сапары учурунда президент Барак Обама АКШнын Ооганстандагы аскерлери жыл аягына чейин азайбасын билдирген эле.

Талиптер Ооган өкмөтү менен тынчтык келишимин түзгөн эмес, бирок баяндамаларында эки тарап тең тынчтык тууралуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Талиптер 1996-жылы Ооганстанга бийлик орнотуп, шарият мыйзамдарын киргизишкен. Аялдардын коомдогу орду басмырланып, жүзүн жаап жүрүүгө милдеттендирилген. Алардын билим алуусуна, иштөөсүнө тыюу салынган. Теле, музыка, көркөм өнөр, алкоголь, компьютер, интернет, шахмат оюндары жана башка көптөгөн нерселерге тыюу салынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG