Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олланд менен жолугушту


Атамбаев менен Олланд жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти
Атамбаев менен Олланд жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти

Эки тараптуу жолугушууда Олланд Франция Кыргызстандагы демократиялык жараянды колдоорун айтып, ЕККУ жана Евросоюз сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу өлкөгө көмөк көрсөтүү улантыларын белгиледи. Ошондой эле Атамбаев менен Олланд Украинадагы кырдаалды талкууга алып, бул маселеде тараптар ортосунда саясий диалогдун зарылдыгы боюнча маселе көтөрүлдү. Жолугушуунун аягында Франциянын президенти Франсуа Олланд өзүнүн кесиптеши Алмазбек Атамбаевден Кыргызстанга расмий сапар менен барууга чакыруу алганын айтып, Борбор Азиядагы демократиялык аралча аталган бул өлкөгө сөзсүз расмий сапар менен келүүгө убада берди.

Жолугушуунун башында Франсуз президенти Франциянын аймагында болгон авиакырсыктан улам Германиянын жана Испаниянын саясий жетекчилиги менен жолугуп, кырсыкты иликтөөгө алуунун шарттарын талкуулоого байланыштуу жолугушуу кечеңдегени үчүн кечирим сурады. Бирок Олланд авиакырсыктын себептерин иликтөөгө алуу боюнча үч мамлекеттин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, убакыттын тардыгына карабастан Кыргызстандын президенти менен жолугушууну четке кага албаганын билдирди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Европа сапары 22-мартта Австриядан башталган.(KJ;ZKo)

XS
SM
MD
LG