Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Апрель айында электр тарифи өзгөрбөйт


Бул туурасында “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Нурлан Cадыков билдирди. Өзгөртүү маселеси май же июнь айларында кайра каралышы мүмкүн. Бул багытта Отун-энергетикалык комплексти тескөө боюнча агенттик иштеп жатат.

Кыргызстанда февраль айынан баштап электр энергиясын 700 кВт/сааттан ашык колдонгондор 1 сом 82 тыйындан, ал эми электр кубатын өндүрүшкө пайдалангандар 1 сом 97 тыйындан төлөп келет. 700 кВтга чейинки баа 70 тыйын. (AzK\SE)

XS
SM
MD
LG