Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Бишкектин мыкты окуучулары аныкталды


Бишкекте мектеп окуучуларынын олимпиадасы жыйынтыкталды. Шаардык билим берүү башкармалыгынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, быйыл акыл таймашына 429 улан-кыз катышты. Алардын ичинен эң көп балл алгандар №61, №5, №26, №29 мектептер жана кыргыз-түрк лицейлеринин тарбиялануучулары болду.

Эртең, 27-мартта Бишкекте жалпы республикалык олимпиада башталат. Ага Бишкектен 37 окуучу катышат.

Эреже боюнча олимпиадалардан утуп, мектепти артыкчылык менен аяктагандарга жогорку окуу жайына өтүү жолу жеңилдетилген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG