Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Самаковго каршы митинг өттү


Бүгүн Башкы прокуратуранын алдында Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго каршы кезектеги нааразылык акциясы өттү. Ага, "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, 15тей киши катышты.

Алар Самаковду Бишкектин четиндеги Байтик, Кара-Жыгач айылдарындагы жерлерди мыйзамсыз алган деп айыптоодо.

Ошондой эле пикетчилер жерлерин кайтарып берүү арызы менен буга чейин Башкы прокуратурага кайрылганын, ал ишти кечээ 100 миң доллар пара менен кармалды деген прокурор Кылычбек Арпачиев тергеп жатканын айтышты.

Самаковдун тарапкерлери бул акциялар негизсиз, атайылап уюштурулган саясый каралоо экенин айтып келишет. (MiT/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG