Бул туурасында “Азаттыкка” Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Айдаркен шаардык №19 мектептин 8-классынын окуучусу Орозмат Надиров 17-март күнү муунуп калган жеринен табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, окуучунун ата-энеси ажырашып кеткендиктен ал таенесиникинде жашап жаткан.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылы 600дөн ашык адам өз өмүрүн кыйган. Билим берүү министрлиги алардын 93ү өспүрүмдөр экенин билдирген. (AzK)