Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү уланат


Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү бүгүн Швейцарияда уланат. АКШ баштаган дүйнөнүн алты өлкөсү Иран менен 31-мартка чейин өзөктүк программа боюнча алдын ала келишимге жетишүүнү мерчемдеп жатат. Документ кабыл алынса Иран өзөктүк программасын сырткы көзөмөл астында чектеши керек болот. Ал эми Батыш өлкөлөрү Тегеранга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды кыскартат.

Бүгүн Лозаннада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф жолугат. Тараптар айрым маселелер боюнча мунаса табыла электигин айтып келишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG