Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Карагандада сел жүрдү


Казакстандын Караганда облусунда катуу жааган нөшөр жана эриген кардан улам сел жүрүп, ондогон үйлөрдү каптады. Суу баскан аймактын тургундары башка жерлерге көчүрүлүүдө.

Аймактын чукул кырдаалдар мекемесинин кабарлашынча, суу кирген шаардагы беш кабат үйдүн жашоочулары эвакуацияланды. Мындан сырткары Караганданын четиндеги бир нече айылды суу каптады. Айрым жолдор жарактан чыкты.

XS
SM
MD
LG