Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Прокурор: учкуч кыйраган учакты “атайылап жок кылууну” каалагандай


Альпыда кыйраган учактын экинчи учкучу аэробусту атайылап кырсыкка алып келүүнү каалагандай. Бул тууралуу Франциянын Марсел шаардык прокурору Брис Робин кабарлады. Анын айтымында, “кара кутуда жазылган” маалыматка караганда, учкуч учакты тоого барып урунганга чейин башкарып турган. Ал эми дагы бир учкуч дал ушул учурда кабинанын сыртында кире албай калганын буга чейин тергөөчүлөргө шилтеме берип, америкалык New York Times гезити жазып чыккан эле.

Германиялык Germanwings авиакомпаниясына караштуу А320 үлгүсүндөгү аэробус 24-мартта Франциядагы Альпы тоосунда кыйраган. Барселонадан Дюссельдорфту көздөй бараткан учакта 144 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

Француз полициясы билдиргендей, каза тапкандардын сөөгүн шарты оор тоолуу райондон алып чыгууга бир нече күн кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG