Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

“Казакатомпром” ишканасынын жетекчиси Кытайда каза болду


“Казакатомпром” ишканасынын жетекчиси Нурлан Каппаров жүрөк оорусунан улам Кытайда каза болду. Ал Кытайга экономикалык форумга катышуу үчүн барган. 44 жаштагы Каппаров бул кызматка өткөн жылы августта дайындалган болчу. Ага чейин айлана чөйрөнү коргоо министри, “КазакТрансОйл” компаниясынын президенти болуп эмгектенген.

Forbes журналынын эсептөөсү боюнча Нурлан Каппаров Казакстандагы эң бай 50 адамдын катарына кирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG