Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Керри Сауд Арабиянын Йемендеги операциясын кубаттады


Араб Лигасы Сауд Арабиянын Йемендеги шиит козголоңчуларына каршы операциясын колдоду. Буга чейин Сауд Арабия Йемендеги козголоңчуларга каршы 10 өлкөдөн турган коалиция түзүлгөнүн жана шиит-хуситтерге каршы операция башталганын кабарлаган. Коалицияга Перси булуңундагы беш өлкө жана Египет кирген эле. Кийинчерээк Сауд Арабиянын бул кадам Түркия колдой турганын ачыкка чыгарды. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул операцияны кубаттарын билдирди.

Буга чейин Иран бийлиги Сауд Арабиянын Йемендеги шииттердин хусит козголоңчулары ээлеген жерлерди бомбалоосун сынга алып, “абдан коркунучтуу кадам” катары баалаган болчу.

Сауд Арабиясынын операциясына 100дөн ашык учак, 150 миңдей аскер тартылган.

Йемендин баш кааласы - Сананы өткөн айда козголоңчулар ээлеп алган. Мындан соң өлкө президенти Абд Раббо Мансур Хади түштүктөгү порттук шаар - Аденди убактылуу борбор деп жарыялап, ушул жакта баш калкалап келген эле. Кечээ шиит козголоңчулары хуситтерге шериктеш согушкерлер Аден шаарынын аэропортун басып алганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG