Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Керри Сауд Арабиясынын Йеменге чабуулун колдоду


Сауд Арабиясынын коргоо министри Салман Абдул Азиз офицерлер менен Йеменге чабуул тууралуу сүйлөшүүдө. 26-март, 2015-жыл

Сауд Арабиясынын коргоо министри Салман Абдул Азиз офицерлер менен Йеменге чабуул тууралуу сүйлөшүүдө. 26-март, 2015-жыл

Сауд Арабиясынын Йеменге чабуулун колдорун АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сауд Арабиянын тышкы иштер министрине телефон аркылуу билдирди.

26-мартта Сауд Арабиясы коңшу өлкөлөр менен түзгөн коалиция менен бирге Йемендеги хусит козголоңчулары ээлеген жерлерге абадан сокку ура баштаганын билдирген. Бул Йемендин мыйзамдуу бийлигин сактоо аракети деп түшүндүрүлгөн. Иран бийлиги Сауд Арабиянын Йемендеги шииттердин хусит козголоңчулары ээлеген жерлерди бомбалоосун сынга алып, “абдан коркунучтуу кадам” катары баалады.

Буга чейин Сауд Арабиясы коңшу өлкөлөр менен түзгөн коалиция менен бирге Йемендеги хусит козголоңчулары ээлеген жерлерге абадан сокку ура баштаганын билдирген. Бул Йемендин мыйзамдуу бийлигин сактоо аракети деп түшүндүрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG