Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

“Макмалалтындын” жумушчулары иш таштады


"Макмалалтында" иштеген жумушчулар. Август, 2014-жыл.
"Макмалалтында" иштеген жумушчулар. Август, 2014-жыл.

Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Макмалалтын” ишканасынын жумушчуларынын тең жарымы маяна берилбей жатканына нааразы болуп бүгүн иш ташташты. Алар жумуштагы кыскартууларга да нааразы болуп жатышат. Акция саат 7:00дө башталганын “Азаттыкка” Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуун уюмунун төрагасы Элдар Тажибаев билдирди. Анын айтымында, иш таштоого 450 жумушчунун 230у катышууда.

- Алар соңку айдын маянасы дагы эле берилбей жатканын айтып жатышат. Ошондой эле эмгек өргүүсүнүн төлөмү 2-3 айга кечиктирилишине да нааразылык бар. Андан сырткары жакында 84 киши жумуштан алынган. Мунун баары иш таштоого негиз болду. Жумушчулар кезектешип иштешет. Акцияга чыккандардын баары бүгүнкү кезекте иштей тургандар ,- дейт Тажибаев.

Жогорудагы көйгөйлөр камтылган кайрылуу “Кыргызалтын” ишканасына 25-март күнү жөнөтүлгөн. Мекеме жетекчилиги иш таштагандар менен бүгүн жолугары кабарланды.

Казарман айылында жайгашкан ишканада миңдей жумушчу иштейт. "Макмалалтын" суткасына 600-650 тонна кенден айына 40 килограммдай алтын ылгайт. (SE)

XS
SM
MD
LG