Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Ошто ири өлчөмдө курал-жарак табылды


Ош шаарынын 42 жаштагы тургунунун үйүнөн Июнь окуясында жоголгон болушу мүмкүн деген ири өлчөмдөгү курал-жарак табылганын УКМКнын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

25-март күнү табылган куралдардын арасында 190 даана ок, РГД-5 үлгүсүндөгү 2 граната, колго жасалган 5 жарылуучу зат, "ТОЗ" үлгүсүндөгү 7,62 мм калибрдүү аңчылдык мылтыгы бар.

Кармалган жаран ок атуучу каражаттарды жакын таанышы катып турууну суранганын айткан. Маалыматка ылайык, куралды сактап турууну өтүнгөн адамга 2010-жылдагы калабадан соң издөө жарыяланган. Азырынча ал кайда экени белгисиз. (SE)

XS
SM
MD
LG