Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Паракорлукка шектелген Арпачиев эки айга камалды


Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев эки айга тергөө абагына камалды. Ал өткөн жумада иш бөлмөсүндө 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөнүн УКМК кабарлаган.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Арпачиевди эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарганын аталган мекеменин кызматкерлери билдиришти. Бирок расмий маалымат азырынча бериле элек.

УКМК өлкөнүн башкы тергөөчүсү Кылычбек Арпачиев кылмыш иштердин бирин жабуу үчүн жергиликтүү жеке ишкерден 200 миң доллар пара талап кылганы тууралуу маалымат түшүп, суралган паранын 100 миң долларын алып жаткан жеринен колго түшкөнүн кабарлаган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG