Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:34

Өз өлкөсүнөн качкан Йемен президенти Сауд Арабияга келди


Йемендин президенти Абд Раббу Мансур Хади Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядга келди. Шаршемби күнү ал шийит козголоңчуларынан жашынып өлкө түштүгүндөгү порттук шаар Аденге барган болчу.

Хади ишемби күнү Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында өтө турган Араб мамлекеттер лигасынын саммитине катышат.

Ага чейин ал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылып, хуситтердин чабуулун токтотууну суранган.

Бейшембиге караган түнү Сауд Арабиясы жана анын союздаштары Шийит козголоңчулары - хуситтерге каршы бир нече авиачабуул жасаган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG