Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

“Домодедоводо” кармалып тургандардын ишин элчилик териштирүүдө


Москвадагы “Домодедово” аэропортунда кыргызстандык беш аялдын бир суткага жакын убакыттан бери кармалып турганы боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги териштирүү жүргүзүүдө. Эки консул абал менен таанышканы аэропортко кеткенин элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-мартта түнкү саат 23:30да Бишкектен Москвага учуп барган учактан түшкөн беш аялды көзөмөл пунктундагылар аэропорттогу текшерүүчү бөлмөгө камап койгон. Күзөтчүлөр алардын документи туура эмес экенин айтууда.

Кулукееванын белгилешинче, соңку кездери Орусияга жасалма документ менен баргандар көбөйгөндүктөн текшерүү күчөгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG