Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Йемендеги кырдаал ички эрегишке от тамызууда


Аден, Йемен. 27-март, 2015-жыл.
Аден, Йемен. 27-март, 2015-жыл.

Саудия башындагы өлкөлөрдүн аба күчтөрү 27-мартта да Йемендеги шиит козголоңчулардын өңүттөрүн бомбалоону улантты. 26-мартта шамдан кийин хусит эрегишчилердин Сана шаарындагы башкы аэропортунун тегерегиндеги өңүттөрүнө сокку урулган болчу.

Перс булуңундагы жана башка мамлекеттер Йемендеги операцияны президент Абу Раббу Мансур Хадинин өтүнүчүнө ылайык, мыйзамдуу өкмөттү коргоо үчүн баштаган. Араб лигасы шиит козголоңчуларына каршы Сауд Арабия баштаган бул операцияны колдоду.

Йемендин экинчи чоң шаары Аденде да өкмөттүк күчтөр менен хусит эрегишчилери ортосунда айыгышкан согуш жүрүүдө. Президент Абу Раббу Мансур Хади порт-шаардагы резиденциясын калтырып, Кызыл деңиз аркылуу Сауд Арабиясына барганы маалымдалды.

Саудия жана Перс булуңундагы союздаштар Иран шиит козголоңчуларын Йеменде жетеленме өкмөттү орнотуу үчүн пайдаланууда деп эсептешет. Хусит кыймылы аларга Тегеран көмөктөшүүдө деген маалыматты Иран сыяктуу эле калпка чыгарууда.

Иран стратегиялык атаандашы Саудиядан чабуулду токтотууну да талап кылды.

АКШ операцияга аскерий жана чалгындоо жагынан колдоо көрсөтүү маселесин Эр-Рияд менен сүйлөшүп жатканын, бирок ага түздөн түз катышпаганын билдирди.

Саудия падышалыгынын маалымдашынча, азырынча Йеменге аскер киргизүү жөнүндө план жок.

- Ушу тапта операцияны кургакта жүргүзүү планы жок. Эгер зарыл болсо, Саудиянын жана досторунун куралдуу күчтөрү ар кандай чабуулду майтарууга даяр, - деди 26-мартта Эр-Риядда падышалык күчтөрдүн Йемендеги операция боюнча өкүлү, генерал Ахмед Асири кабарчыларга.

Кээ бир мамлекеттер Йемен сунниттер менен шииттеринин жаңжал очогуна айланууда деген пикирде. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогон 26-мартта Анкарадагы пресс-конференцияда айтышынча, Йемендеги окуялар шиит жана суннит жамааттарынын жаңжалына айланып баратат.

- Бул шиит жана сунни топторунун чатагы болгону калды. Биз жаатташтык жаңжалын колдобойбуз. Өкүнүчкө карай, Йемен бөлүнүүгө баратат. Бардык Йемен эли бизге агайын жана эже... Аскердик колдоо тууралуу эч нерсе айтпайм. Бул азыр ылайыксыз. Бирок биз логистикалык жана чалгындоо жагынан ар кандай жардам берүүгө даяр экенибизди бүгүн айттым.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сөзүнө караганда,“бул оюндардын баары суннилер менен шииттер арасындагы жаңжалдашууну колдойт”.

Араб Лигасы бейшемби күнү Египеттин Шарм эл-Шейх курортунда болгон жыйында Саудия башындагы операция Йеменде мыйзамдуу өкмөттү калбына келтирүүгө багытталганын айтып, аны жапырт алкады. Уюмга баары 22 мамлекет мүчө, бирок Сириянын мүчөлүгү 2011-жылы ноябрда өлкөдөгү ич ара согушка байланыштуу токтотулган.

Шарм эл - Шейхтеги жыйындан соң Араб Лигасынын баш катчысы Набил ал-Араби араб коалициясынын күчтөрүнүн вазийпасы Йемендеги тополоңду тынчытуу экенин айтып, Араб мамлекеттери болочокто орток армия түзүүнү мерчемдеп жатканын билдирди:

- Бул күчтөр же коалиция Йеменде мыйзамдуулукту сактоодо... Сунуш кылынган куралдуу күчтөр түзүлө баштайбы? Жок. Бул коалиция азыр Йеменде мыйзамдуулукту орнотушу керек. Сунуш кылынган күчтөр изилдөөнү талап кылат. Бул акыркы 70 жылда болбогон жаңы нерсе.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун 22-марттагы билдирүүсүндө эле Абу Раббу Мансур Хадини Йемендин мыйзамдуу президенти деп тааныганын айткан. Ошондой эле бардык тараптар менен өлкөлөрлү Йемендин төбөлсүздүгү жана бүтүндүгүнө коркунуч туудурган кадамга барбоого чакырган. БУУнун Коопсуздук кеңеши да ушундай кайрылуу жасаган. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын өкүлүнүн орун басары Фаран Хак 26-мартта Нью-Йорктогу маалымат жыйынында эске салды.

27-мартта да Сауд Арабия баштаган суннит коалициянын аба күчтөрү Йемендеги шиит коголоңчулардын өңүттөрүнө сокку урууну улантты.

Йемендин саламаттык кызматтарынын билдиришинче, эки күндөн берки авиачабуулда бери дегенде 39 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG