Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Атамбаев Европа кеңешинин төрагасы менен жолугушту


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бельгияга иш сапарынын алкагында Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа биримдигинин түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуусу, демократияны мындан ары да бекемдөө боюнча пландар талкууланып, регионалдык жана эл аралык күн тартиптеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Атамбаев менен Тусктун жолугушуусунда алдыда болчу паламенттик жана президенттик шайлоолорду ачык-айкын өткөрүү маселелерине да көңүл бурулду. (ZMa)

XS
SM
MD
LG