Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Евробиримдик Кыргызстанга 30 млн. евро берет


Кыргызстан жана Европа биримдиги социалдык чөйрөнү жакшыртуу үчүн 30 млн. евро бөлүү тууралуу Макулдашууга кол коюшту.

Вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтымында, бул каражат биринчи кезекте мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө жумшалат.

"Бул Кыргызстан үчүн чоң жардам. Себеби республика бюджетинин 54% социалдык чөйрөгө багытталган. Анткен менен бул каражаттар бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жетпейт", - деди Диль. (ZMa)

XS
SM
MD
LG