Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Панфилов багындагы кафеде чыккан өрт 2 сааттан кийин өчүрүлдү


Панфилов сейил багында жайгашкан кафеде кечээ өрт чыгып, имараттын 200 чарчы метри күйүп кеткен. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, өрт 30 диванды, бир нече муздаткычты, эмеректерди жок кылган.

Өрт өчүргүчтөргө кошумча жардам талап кылынган. Эки сааттан кийин гана өрттү толугу менен өчүрүү мүмкүн болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG