Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

"Бир дүйнө Кыргызстан" Башкы прокуратурага даттанды


"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын адвокаттары "УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине" даттанып, Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу аталган уюмдун аткаруучу директору Аида Байжуманова кабарлады.

Адвокаттар башкы прокурор Индира Жолдубаевадан УКМК тергөөчүлөрүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү жана тинтүү учурунда алынган буюмдарды кайтарып берүүнү өтүнүштү. Ошондой эле адвокаттык ишмердик тууралуу мыйзамдын нормалары бузулду деп, буга карата чара көрүүнү талап кылышты.

Кечээ атайын кызмат "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жумушка байланыштуу документтерди, компьютерлерди, маалыматтар сакталган флешкаларды алып кетишкен. УКМК кыймылдын кеңсесиндеги тинтүүнү Ош шаарында кармалган АКШ жараны Умар Фарукка байланыштырып, ал тиешелүү уруксат албастан облустагы диний кырдаал тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн билдирген. "Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылы УКМКнын аракеттерин мыйзамсыз деп баалаган билдирүү тараткан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG