Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Укук коргоочулар "Бир дүйнө Кыргызстанды" тинтүүгө кабатыр


"Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсеси тинтүүдөн кийин. 28-март, 2015-жыл.
"Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсеси тинтүүдөн кийин. 28-март, 2015-жыл.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын адвокаттары УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттанып, Башкы прокуратурага арыз жазды.

“Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсеси Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кечээ, 27-мартта тинтүүгө алынган. Укук коргоочу уюмдун кызматкерлери тинтүү мыйзамсыз жүргөнүн айтышууда.

Уюмдун бүгүн тараткан билдирүүсүндө кеңседе тинтүү жүрүп жаткан маалда кыймылдын төрт кызматкери гана болгону, калган кызматкерлерди, уюмдун өнөктөштөрүн, көз карандысыз адвокаттарды, акыйкатчынын Ош облусу боюнча өкүлүн УКМК кызматкерлери киргизбей койгону айтылат. Укук коргоочулардын өтүнүчү менен келген депутат Айнуру Алтыбаева да көпкө чейин кеңсеге кире алган эмес.

Бул арада Улуттук коопсуздук кызматы укук коргоочулардын иштеген жана жашаган жерлерин тинтүүгө олуттуу себептер бар экенин билдирди.

Кечээ күндүзгү саат беш чамасында Улуттук коопсуздук кызматы "Бир дүйнө Кыргызстандын" Оштогу кеңсесин жана анын юристтери Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдердин үйүн тинтүүгө алган. Анын негизинде ноутбук, флешка жана бир нече дисктерди алып кеткен.

Камакка алынган имам Рашод Камолов
Камакка алынган имам Рашод Камолов

Коопсуздук кызматкерлери алып кеткен жабдыкта абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровго, Кара-Суу шаарынын имамы Рашод Камоловго жана башка чуулуу иштерге байланыштуу материалдар сакталган. "Бир дүйнө Кыргызстандын" Оштогу кызматкери Валерьян Вахитов тинтүү прокурордун катышуусуз өткөнүн жана журналистке берилген визиттик карточка укук коргоо уюмун тинтүүгө негиз болбошу керектигин билдирди:

- УКМК кызматкерлери бизди "Кара-Суудагы "Ас-Сарахсий" мечитинин имамы Рашод Камолов тууралуу маалыматтарды АКШ журналисти Умар Фарукка бергенсиңер" деп атышат. Биз карап жаткан иштерибиз тууралуу маалыматтарды жашыруун сактайбыз деп эч жерде милдеттенме алган эмеспиз. Ал тууралуу кимдир бирөөгө айтууга эмне үчүн тыюу салынганын мен түшүнбөй жатам.

Ош шаардык милициясы 2015-жылдын 26-мартында Американын жараны Умар Фарук аттуу журналистти кармаган. Коопсуздук кызматы журналисттин жанынан экстремисттик жана бүлүндүрүүчү маанайдагы материалдар менен "Бир дүйнө Кыргызстан" бейөкмөт уюмунун Оштогу эки кызматкеринин визиттик карточкалары табылганын айтышууда.

Улуттук Коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рахат Сулайманов дал ошол карточкалар бейөкмөт уюмдун кызматкерлеринин үйүн тинтүүгө алууга себеп болгонун айтты:

- Умар Фаруктун жанынан экстремисттик жана бүлүндүрүүчүлүк маанайдагы материалдар табылган. Аны менен кошо "Бир дүйнө Кыргызстандын" эки юристинин визиттик карточкалары табылган. Ошонун негизинде ал уюмдун кеңсесин жана эки кызматкеринин үйлөрүн текшерген учурда биринин үйүнөн жана кеңседен бир топ материалдар чыккан. Ал материалдар азыр экспертизанын кароосунда.

"Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсеси коопсуздук кызматкерлери тарабынан тинтилип жаткан учурда Кыргызстандагы укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү окуянын жүрүшүнө көз салып турушкан. Кыргызстандагы балдардын укугун коргоо лигасынын мүдүрү Назгүл Турдубекова укук коргоочулардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү уюштуруу суроо жаратып жатканын айтты:

- Биз азыр укуктук мамлекетте жашап жатсак да, ушундай мыйзамсыз иштер жасала береби деп түшүнбөй турабыз. Эң негизгиси күбөсү жок, адвокаты жок тинтүү чоң суроо жаратып жатат.

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

​Ал арада эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен Парижде жолугушуп жүргөн укук коргоочу Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук кызматынын бул аракети Кыргызстандагы демократиянын беделине доо кетирерин билдирди.

- Эң негизгиси биз демократиялык принциптер менен мамлекет курууга кол сунабыз деген эмгектин баары талаага кетиши мүмкүн. Дүйнөдөгү көп өлкөлөр мына Кыргызстан таза шайлоого, демократияга карай бет алды деген ишенимди эмне үчүн ушундай одоно бузуп жатышканы таңкалычтуу болуп жатат. Бүгүн-эртең УКМКнын мыйзамсыз иштери конституциялык форматка келип, мындай жаман иштер токтотулат деп ойлойм.

Бул арада "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын адвокаттары "УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине" даттанып, Башкы прокуратурага арыз жазды. Алар башкы прокурор Индира Жолдубаевадан коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү жана тинтүү учурунда алынган буюмдарды кайтарып берүүнү өтүнүштү. Ошондой эле адвокаттык ишмердик тууралуу мыйзамдын нормалары бузулду деп, буга карата чара көрүүнү талап кылышты.

"Бир дүйнө Кыргызстан" уюму негизинен адам укуктарын сактоо жаатында иш жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG