Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Премьер-министр нуралыктар менен жолукту


2008-жылы 5-октябрда Нура айылында күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болгон.

2008-жылы 5-октябрда Нура айылында күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болгон.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Алай районунун Нура айылында болуп, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Нуралыктар айылдын көйгөйлөрү, аны менен катар мектеп, бала бакча өңдүү социалдык объекттердин курулушу тууралуу айтып беришти.

Оторбаев мектепке чейинки жана орто билим берүү жайлары бюджеттен каржыланган объекттердин тизмесине кирерин белгиледи. Ал ошондой эле Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигине Нура айылында социалдык объекттердин курулушу маселесин карап чыгууну тапшырды. Жолугушуунун жүрүшүндө чек арага жакын жайгашкан жайыттар маселеси да козголду.

2008-жылы 5-октябрда Алайдын Нура айылында күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG