Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Өткөрмө пункттар ЕАЭШ талаптарына шайкеш келтирилет


Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Карамык" жана "Эркечтам" контролдук-өткөрмө пункттарынын иши менен таанышып, чек ара бекеттеринде болду.

Бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов "Карамык" өткөрмө пункту чоң мааниге ээ болгонун, Тажикстан менен Кытайга жол ачарын, маңзат жана курал-жарак аткезчилигин алдын аларын айтып, пункт техникалык жабдууларга жана курулуш имараттарына муктаж болгонун кошумчалады.

Оторбаев Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланып баратканын, "Карамык" пункту Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына шайкеш келтирилиш керектигин айтып, Азия өнүктүрүү банкынын "Чек ара кызматтарын өркүндөтүү" долбоору боюнча бериле турган насыянын алкагында өткөрмө пункттарды бекемдөөгө 2,8 млн. доллар бөлүнөрүн убада кылды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG