Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

Иранда мурда мамлекеттик телеканалда иштеген сценарист жана продюсер эки айдан бери түрмөдө отурат. Бул тууралуу эми гана белгилүү болду. 2010-жылы Канадага чыгып кеткен Мустафа Азизи жакында эле туугандары менен жолукканы Иранга кайтып келген. Бирок 1-февралда камакка алынып, Эвин абагына отургузулган.

Азизиге "Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменейини кемсинткен" жана ислам түзүлүшүнө каршы үгүттөгөн деген айыптар коюлган. Бул айыптар эмнеге байланыштуу коюлуп жатканы азырынча белгисиз.

Азизинин уулу, журналист Араш Азизи атасы өзүн "жакшы" сезип жатканын, түрмөдө ага кандайдыр бир кыйноолор колдонулбаганын Фейсбуктагы баракчасында маалымдады.

Иран бийлиги Мустафа Азизи тууралуу эч кандай комментарий беришкен жок. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG