Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Эки жумушчу "Макмалалтындан" аммонит уурдады деп шектелүүдө


"Макмалалтын" ишканасынын эки жумушчусу жарылуучу заттарды жана материалдарды уурдады деген шек менен кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызалтындын" башчысы Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, жума күнү "Кыргызалтын" буга байланыштуу комиссия түзүп, учурда анын мүчөлөрү ишканада ички териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

- Бир нече киши уурдаганга шектелүүдө. Алардын арасында "Макмалалтындын" эки жумушчусу да бар. Тартип коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 100 килограммга жакын аммонит уурдалган болушу мүмкүн. Аммонит кандай жол менен чыгарылып турганы, аларга ким жардам бергени, аммонитти кандай максатта колдоноюн деп жатканы азыр териштирилип жатат.

Аммонит - тоо-кен казуу өнөр жайында, жолдорду курууда, жогорку чыңалуудагы линиялардын курулушунда колдонулат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG