Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

29-31-мартта жаан-чачындуу, суук аба ырайы күтүлөт. 30-мартта мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7,

Талас жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз -3...-8,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...-4, күндүз 0...5,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-4, күндүз 1...6,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...-5,

Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7,

Бийик тоолуу райондордо -17...-22, күндүз -10...-15 градус болот.

30-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -5…-7 градус болот. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG