Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Оппозиция Немцов өлтүрүлгөн жерде тартипти камсыздоону өтүндү


Немцов өлтүрүлгөн жердеги мемориал
Немцов өлтүрүлгөн жердеги мемориал

Москвада "Солидарность" кыймылынын активисттери саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн жердеги вандализмге байланыштуу прокуратурага кайрылышты.

24-мартта белгисиз адамдар Немцовдун сүрөттөрүнө мыскылдаган сүрөттөрдү жазып, гүлдөрдү ыргытып кетишкен.

28-мартка караган түнү да белгисиз адамдар кайра эле мемориалды талкалап салышкан. Алар гүлдөрдү, сүрөттөрдү жана шамдарды алып кетишкен. Көп өтпөй ал жерге адамдар гүлдөрдү алып келип, мемориал калыбына келтирилген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG