Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Өзбекстан: президенттик шайлоого Кыргызстандан көз карандысыз байкоочулар барган жок


Ислам Каримов кайрадан президенттикке шайланары буга чейин эле айтылып келген.
Ислам Каримов кайрадан президенттикке шайланары буга чейин эле айтылып келген.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 29-марттагы президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 91,01% келгенин билдирди. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары дүйшөмбүдө жарыяланат.

БШК төрагасы Мирзоулугбек Абдусаломов добуш берүү күнү эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганын белгиледи. Социалдык тармактардын колдонуучулары мыйзам бузуулар болгонун жазышты. Серепчилер азыртадан эле Ислам Каримов төртүнчү жолу президенттикке шайланганын боолгоп жатышат.

77 жаштагы мамлекет башчы менен бирге бул жолку шайлоодо дагы үч талапкер – Хотамжан Кетмонов, Нариман Умаров жана Акмал Саидов ат салышты. Бирок сынчылар алар деле элди Каримовдун пайдасына активдүү үгүттөп келишкенин белгилеп жатышат.

Шайлоонун жүрүшүнө миңдей чет элдик байкоочу жана журналисттер көз салды. Ага Кыргызстандан көз карандысыз байкоочулар катышкан жок. Муну алар коңшу өлкөдө буга чейин өткөн шайлоолордо демократиялык баалуулуктар сакталбай келгени менен негиздешүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG