Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Америкалык журналист Кыргызстандан депортацияланды


Умар Фарук Кыргызстандан кетип жатканын "Твиттерге" да жазды.

Умар Фарук Кыргызстандан кетип жатканын "Твиттерге" да жазды.

Өткөн жумада Ошто УКМК тарабынан кармалган америкалык журналист Умар Фарук Кыргызстандан депортацияланды. Аны өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин Ош шаардык соту 28-март күнү кечинде чыгарганын, жекшембиге караган түнү Бишкек-Стамбул каттамы аркылуу учуп кеткенин күч органдары билдирди. Умар Фарук "үйүнө кайтып баратканын" өзү Твиттердеги баракчасына да жазды.

Журналист 25-мартта кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан билдирүүгө ылайык, ал уруксат албай туруп Оштун аймагындагы диний кырдаал тууралуу маалымат чогултуу менен алектенип жүргөнү аныкталган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG