Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Араб лидерлери биргелешкен куралдуу күчүн түзөт


Египет президенти Абдел Фаттах ал Сиси араб өлкөлөрүнүн лидерлери кошмо аскерий күчүн түзүү боюнча макулдашканын билдирди. Египеттин Шарм аш-Шайх шаарында өткөн саммитте Араб лигасынын жетекчилери кабыл алган резолюцияга ылайык, апрелде биргелешкен куралдуу күч түзүү боюнча кеңири талкуу болот.

Лиганын баш катчысы Набил ал-Арабийдин айтышынча, жаңы түзүлүп жаткан күч өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко жана Ливия менен Йемендеги козголоңчуларга каршы күрөшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG