Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Папуа-Жаңы Гвинеяда цунами болушу мүмкүн


Папуа-Жаңы Гвинеянын Википедия картасындагы сүрөтү.

Папуа-Жаңы Гвинеянын Википедия картасындагы сүрөтү.

Индонезия менен чектешкен Папуа-Жаңы Гвинея республикасында жекшемби күнү 8 баллга жакын жер силкинди. АКШнын Гелогиялык кызматы силкинүүнүн очогу Тарон шаарынан 45 километр алыста жайгашканын билдирди. Тынч океан эскертүү борбору мындан улам цунами коркунучу жаралганын кабарлады. Божомолго ылайык, цунами силкинүү очогу жайгашкан жерден 1000 километр аралык алыстыкта, тагыраак айтканда, Папуа-Жаңы Гвинея республикасынын океан жээгиндеги аймактарын жана Соломон аралын камтышы ыктымал. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG