Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу эртең аяктайт


Эртең, 31-мартта жеке тараптар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты.

Декларацияны мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар берүүгө милдеттүү.

Салык органдары 09.00дөн 24.00гө чейин иштейт. Декларацияны убагында тапшырбагандарга 2000 сом айып салынат. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG