Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Волейбол чемпионатынын 3-турдагы оюндары башталат


Волейбол боюнча Кыргызстандын жогорку лигадагы чемпиондугунун жыйынтыктоочу 3-турдагы оюндары бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда башталат.

Волейбол федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, байге үчүн «Дархан ОшТУ» (Ош), «Талас-Шумкар» (Талас), «Динамо ИИМ» (Бишкек), «Теңир-Тоо Замандаш» (Нарын), «Улар» (Бишкек) жана «Чаткал» (Жалал-Абад) командалары ат салышууну улантат.

Эки турдун жыйынтыгында «Дархан ОшТУ» 10 оюнда 9 жеңишке жетип, 19 упай менен алдыда. Бир упай кем топтогон «Динамо ИИМ» экинчи орунда, үчүнчүдө «Улар» командасы келатат. Жогорку лига жеңүүчүсү эмки жылдагы сезондо Улуттук лигада ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Ал эми Улуттук лиганын жыйынтыктоочу 3-турдагы оюндары 31-мартта башталат. 4-апрелге чейин улана турган бул лиганын оюндарында дагы алты команда ат салышат. 2-турдун жыйынтыгында 19 упай менен «Ош Бажы» командасы алдыда. 18 упай топтогон «Жаңы-Муун» командасы экинчи катарда. Эсебинде 16 упай бар «Салам-Алик» 3-орунда келатат. Аталган командалардан сырткары, Улуттук лигадагы чемпиондукка «Жаш-Күч», «Жети-Суу» жана «Улуттук Гвардия» командалары катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG