Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

КСДП саунасы бар саясатчыларга добуш бербөөгө чакырды


КСДПнын антикоррупциялык комиссиясы билдирүү таратып, анда шайлоочуларды сексуалдык кызмат көрсөтүүчү жайларга ээ саясатчыларды тизмесине киргизген партияларга добуш бербөөгө чакырды. Комиссиянын төрагасы КСДПнын жаштар канатынын башчысы Ринат Самудинов мындай чакырык таштоого ИИМдин маалыматтары жана журналисттик иликтөөлөр негиз берип жатканын айтты:

“Мисалы, ЖК депутаттары Ыргал Кадыралиева, Турсунбай Бакир уулу, Турсунтай Салимов, Акматбек Келдибеков жана экс-депутат Урмат Аманбаева, Оштогу Улуттук драма театрынын директору Асан Мансуров. Бул боюнча компетенттүү органдарды объективдүү иликтөөгө чакырабыз. Интимдик кызмат сунуштаган жайларга тиешеси бар адамдар кирген партияларга добуш бербөөгө чакырабыз. Биздин партиядан депутат болгон Кадыралиева, Салимовдорду дагы келерки шайлоодо тизмеге кошпоону талап кылабыз”, деди Самудинов.

Өткөн аптада “Азаттыктын” “Саясатташкан сауналар” аттуу иликтөөсүндө бир катар аткаминерлердин туугандарына таандык сауналарда интимдик кызмат көрсөтүүлөрү ашкереленген. (МТо)

XS
SM
MD
LG