Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

УКМК: “Бир дүйнө Кыргызстандын” кеңсесин тинтүү мыйзамдуу болгон


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө айтылат.

“Тергөөдө АКШ жараны Умар Фаруктун жанынан табылган документтердин көчүрмөлөрүн “Бир дүйнө Кыргызстандын” юристи, Кыргызстан жараны Вахитовдон алганын айткан. Фаруктун жанынан уюмдун менеджери Салиевдин визиттик баракчасы да табылган. Мындан улам Ош шаардык соту эки кызматкердин жашаган-иштеген жерлерин текшерүүгө уруксат берген. Тинтүү учурунда диний маалыматтарды камтыган DVD дисктер, флешкалар жана баракчалар табылып, алар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү” деп билдиришти УКМКдан.

27-марттагы тинтүүнү "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы басым деп баалап, Башкы прокуратурага арыз жазды.

Ош шаардык соту 28-мартта Умар Фарукту Кыргызстандан депортациялады. (МТо)

XS
SM
MD
LG