Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Сариева: Химия боюнча олимпиада жыйынтыгы текшерилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү министри Элвира Сариева билдирди. “Республикалык олимпиада жыл сайын биздин өнөктөштөр - Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык, Исхак Раззаков атындагы техникалык, Кыргыз-түрк "Манас" университеттери тарабынан өткөрүлөт. Тапшырмаларды ошол окуу жайлардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзөт. Олимпиада жыйынтыктары чыгарылды. Бирок химия сабагы боюнча арыздар түшкөнүнө байланыштуу атайын текшерүү жүргүзүлөт. Бир жума ичинде жыйынтык чыгарылат” деди Сариева.

Бүгүн химия боюнча республикалык олимпиада катышуучуларынын ата-энелери анын жыйынтыгына нааразы болуп, Билим берүү министрлигинин алдына митингге чыгышкан болчу. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG