Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Франциядагы шайлоодо Саркозинин партиясы алдыда


“Элдик кыймыл үчүн союзу” консервативдик партиясы Франциядагы жергиликтүү шайлоонун финалдык турунда алдыда баратат. Франциялыктар 101 административдик округдун өкүлдөрүн шайлашты.

Сурамжылоонун маалыматына караганда, Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозинин партиясы 60 жергиликтүү кеңештен басымдуу орун алды. Ашкере оңчул “Улуттук фронт” да бир нече орунга ээ болду. Бирок, алар жергиликтүү кеңештерде басымдуулук кыла алчу таасирге ээ болгону али белгисиз.

Бийликтеги Социалисттик партия менен анын таламдаштары 30 аймакта таасирин жоготушу ыктымал.

Өлкөдөгү саясий партиялар жана кыймылдар 2017-жылга белгиленген парламенттик шайлоого даярданып башташты. Саркози кайрадан бийликке келип, учурдагы оор экономикалык жагдай жана жумушсуздуктун жогорулугу менен күрөштү эптей албай жаткан социалисттерди сүрүп чыгууну ниет кылууда.

XS
SM
MD
LG