Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Атамбаев Бельгиянын королу Филипп менен жолукту


30-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча 10-00дө Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европадагы расмий сапарынын алкагында Бельгиянын королу Филипп менен жолугушту. Жолугушуу королдун Брюсселдеги Ак сарайында болуп өттү. Бул жолугушууда президент Атамбаев менен корол Филипп жекеме-жеке баарлашып, Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты жолго салуунун шарттары талкууланды. Королдун Ак сарайынын протоколу боюнча бул жолугушуу маалымат каражаттарынын катышуусуз өттү. Президенттин маалымат саясаты бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы Атамбаев корол Филипп менен сүйлөшүүдө Кыргызстан демократиялык жолдон тайбай турганын айтып, аны калыптандыруунун жагдайлары боюнча ой бөлүшкөн.

22-мартта башталган президент Алмазбек Атамбаевдин Европага сапары 1-апрелде соңуна чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG