Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Чехия президенти Москвадагы Жеңиш парадына барат


Чехиянын президенти Милош Земан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттарга катышуу үчүн Москвага бараарын бышыктады. Прагадагы радиолордун бирине берген интервьюсунда президент согушта курман болгон миллиондогон советтик адамдарга таазим кылаарын айтып, "Советтер союзу болбосо, Гитлерди жеңүү мүмкүн болбойт эле" деп кошумчалады. 9-майда Москвадагы Кызыл аянтта Жеңиш парады өтмөкчү. Бирок бул жолку маараке Орусиянын Крымды аннекциялашына, Украинанын чыгышындагы согушка туш келүүдө. Батыштын бир катар лидерлери Орусиядагы салтанаттарга катышпасын билдиришти. Буга чейин Түндүк Кореянын лидери, Кытай жана Монголиянын президенттери Москвага барышаарын айтышкан. Земан маегинде Түндүк Корея жетекчиси менен кол алышпасын эскертти.

XS
SM
MD
LG