Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Сабалган жана зордукталган наристенин атасы эки жылга соттолду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Жарым жан болуп сабалган жана зордукталган 2 жашар И аттуу наристенин атасын Аламүдүн райондук соту 24-мартта Кылмыш-Жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жетелек баланы тарбиялоо боюнча милдетин аткарбоо) боюнча эки жылга эркинен ажыратып, жатак абакта жаза өтөөгө өкүм чыгарды.

Ал эми наристени сабап, зордуктоого шектелген атасынын туугандарына козголгон кылмыш иш сотто 2-апрелде каралат.

Наристени 11-январда эс-учун жоготкон абалында Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына таштап кетишкен. Ал ошондон бери эсине келе элек. Учурда бул окуя коомчулукта, социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, зордуктоо кылмышын кылгандарга жазаны катаалдантуу сунушталууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG