Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

ЕККУ: Өзбекстандагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Ислам Каримовго чыныгы атаандаштык болбогонун билдирди.

Уюмдун Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросу шайлоого алгачкы баасын берип, анын жүрүшүндө бир топ кемчиликтер байкалганын белгиледи.

Байкоочулар тобунун башчысы Таня де Зулуэтанын айтымында, мамлекет башчы Каримовдун фигурасы өлкөнүн саясий сахнасында үстөмдүк кылууда.

“Бардык талапкерлерге маалымат каражаттары бирдей мүмкүнчүлүк тартуулоого тийиш, бирок учурдагы президентке артыкчылык берилип жатты”, - деди ЕККУнун өкүлү.

Де Зулуэта ошондой эле Конституцияда бир эле киши эки эле мөөнөт катары менен президент боло алат деп жазылганы менен, Борбордук шайлоо комиссиясы Каримовдун талапкерлигин каттаганын белгиледи.

77 жаштагы мамлекет башчы менен бирге бул жолку шайлоодо дагы 3 талапкер ат салышкан. Бирок алардын бардыгы бийликчил партиялардын атынан көргөзүлгөн.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары бүгүн белгилүү болмокчу. Бирок аналитиктер Каримовдун бешинчи ирет мамлекет башчылыкка шайланаары анык дешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG