Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

Йемендеги качкындар лагерине дүрмөт тийди


Сауд Арабиянын жетектөөсүндөгү коалиция урган соккудан Йемендин түндүгүндө качкындар лагеринде ондогон киши каза болгону кабарланууда.

"Чек арасыз дарыгерлер" уюму Хажжа шаарынын жанындагы Ал Мазрак лагеринен ооруканага 15 сөөк жана 30 жарадар кишини алып кетишкенин маалымдады.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү набыт кеткендердин арасында аялдар менен балдар, лагердин кызматкерлери болгонун айтты.

БУУнун Гуманитардык жардам боюнча кеңсеси качкындар баш пааналаган жерге дүрмөт тийгенин тастыктады.

Лагерде 2009-жылдан бери шийилердин хуси козголоңчулары менен борбордук өкмөт ортосунда жаңжал тутангандан бери жер которгон үй-бүлөлөр баш калкалайт. 26-мартта Сауд Арабия баштаган коалиция хусилерге каршы абадан сокку ура баштагандан бери бул жерге дагы 500дөй үй-бүлө келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG