Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Тегеран Ирактагы соккудан ирандык эки кеңешчи набыт кеткенин ырастоодо


Тегеран өткөн жумада АКШнын пилотсуз учагы Ирактын аймагына сокку урганда ирандык эки кеңешчи набыт кеткенин билдирди.

"Революция сакчыларынын" сайтында бүгүн жарык көргөн маалыматка ылайык, окуя 23-мартта Тикрит шаарын кайтарып алуу операциясы маалында болгон.

"Ассошейтед Пресс" кабарлагандай, АКШнын Багдаддагы элчилиги эл аралык коалиция “Ислам мамлекети” радикал тобунун турумдарына гана сокку уруп келатканын, алар Ирактын коргоо министрлиги менен координацияланып турганын билдирди.

Ирак куралдуу күчтөрү жана шийилердин бөлүктөрү Тикритти согушкерлерден бошотуу операциясын марттын башынан бери жүргүзүп келатышат. Шийи армиясынын кеңешчиси кудс күчтөрүнүн кол башчысы, ирандык генерал Кассем Солеймани экени белгиленүүдө.

АКШ баштаган коалиция Ирак өкмөтүнүн өтүнүчү менен 21-мартта Тикриттин айланасына абадан сокку ура баштаган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG