Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Ошто кыргыз жана ооган футболчулары беттешет


Кыргызстандын улуттук курамасы

Кыргызстандын улуттук курамасы

Бүгүн, 31-мартта Ош шаарында Кыргызстан менен Ооганстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши болот.

Кыргызстан Футбол федерациясынан билдиришкендей оюн саат 16:00дө Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо башталат. Беттешке казакстандык судья Денис Измайлов жана жардамчылары Александр Павлов менен Самат Тергеусизовдор калыстык кылат.

Оюнга даярдык көрүү үчүн кыргыз футболчулары 30-март күнү эртең менен Ошко келген. Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат катчысы Теңгелбес Мусаевдин айтымында ооган оюнчулары Ошко бүгүн барат. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG