Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

Конституция боюнча мыйзам долбоорунун соңку варианты сунушталды


Бул туурасында “Азаттыкка” Президенттин администрациясынын башчысы Данияр Нарымбаев билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мурда берилген сунуштардын айрымдары кайрадан өзгөртүлүп, Коргоо кеңеши мурдагыдай эле калыбында өзгөрүүсүз калды. Конституциялык палата сот бийлигине тиешелүү бөлүмдөн чыгарылып, борбордук мамлекеттик органдар боюнча бөлүмгө киргизилди. Ага ылайык, президент айрым мыйзамдарга кол коердун алдында аларды ушул Конституциялык палатанын текшерүүсүнөн өткөрө алат.

Мыйзам долбоорунда сот арачылары тууралуу норма калтырылды.

Буга чейинки мыйзам долбоордо Коргоо кеңешин Коопсуздук кеңешине айландыруу, Конституциялык палатаны Конституциялык кеңеш кылып өзгөртүү, сот арачылары туурасында норманы жоюп салуу сунуштары бар болчу.

Реформанын демилгечилери күзгү парламенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүүнү сунушташууда (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG