Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Кургак учукту дарылаган мекемелерге атайын жабдуулар берилет


Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, кургак учук менен күрөшкөн алдыңкы мекемелерге 200 миң доллар суммадагы медициналык жабдуулар, дары-дармек, тамак-аштан турган гуманитардык жардам USAID уюмунун “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун алкагында берилет.

Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча бир айлыктын жыйынтыгында 1-апрель күнү Бишкекте шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, Улуттук фтизиатрия борборунун, кургак учукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын адистери жана эл аралык өнөктөштөрдүн жолугушуусу болот. Ал жерде илдетти дарылоо боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңештери, ооруга каршы күрөшүү боюнча Улуттук программанын жетишкендиктери талкууланып, бул жаатта жигердүү иштеген догдурларга сыйлыктар тапшырылат.

24-март - кургак учукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Атайын чараларга карабастан, Кыргызстанда жыл сайын 6 миң киши кургак учукка кабылат, булардын ичинен миңге чамалуусу кичине балдар. Дарыгерлердин айтымында, акыркы жылдары кургак учуктун оор түрү менен ооругандардын саны көбөйүүдө.(AzK)

XS
SM
MD
LG